Ильхам Алиев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Ильхам Алиев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 31-июлда, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, жогорку мамлекеттик сыйлык Кыргызстанменен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу эмгеги үчүн ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде Мамлекет башчысы Ильхам Алиевдин жетекчилиги жылдарында Азербайжан мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, экономиканы өнүктүрүүдө жана ири долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенине токтолду.

Ал Азербайжандын президентинин колдоосу жана эки элди жакындатууга болгон туруктуу умтулуусунун аркасында кыргыз-азербайжан мамилелери бекем достукка жана өз ара ишенимге негизделген чыныгы стратегиялык өнөктөштүккө айланганын, ал эми бүгүн сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүп, союздаштык мүнөзгө ээ болгонун баса белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле Азербайжандын президентинин бекем тынчтыкты орнотууга, туруктуулукту чыңдоого жана аймакта кызматташтыктын жаңы атмосферасын калыптандырууга багытталган ырааттуу аракеттерин өзгөчө белгиледи. Ал Ильхам Алиевдин Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоого берилгендиги кыргыз элинин терең урмат-сыйына ээ экенин айтты.

Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан Азербайжандын президентин жогорку мамлекеттик сыйлык менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Азербайжан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media