Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында 31-июлда, транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына маалымдалды.

Маалыматка таянсак, мамлекет башчылар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге жана Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешинин чечимине кол коюшту.

Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюу аземи өттү:

Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата жол картасы;

Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Азербайжандлын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча жол картасы;

2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу экинчи кошумча макулдашуу;

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда жүк ташуу, кеме жүрүшү жана кеме куруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети менен Азербайжандын мамлекеттик статистика комитетинин ортосунда статистика жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Азербайжандын Атайын байланыш жана маалыматтык коопсуздук мамлекеттик кызматынын ортосунда киберкоопсуздук тармагындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Ош шаары менен Гянжа шаарынын ортосунда кызматташтыкты жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
Каракол шаары менен Габала шаарынын ортосунда өз ара кызматташтык жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө меморандум;
Чолпон-Ата шаары менен Азербайжан Шуша шаарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен АзербайжандынЭнергетика министрлигинин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Азербайжандын Борбордук банкынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “АзерГолд” жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

 

 




 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media