Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

31-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров бетме-бет сүйлөшүү учурунда Азербайжандын президентине Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүү чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишеним артты. 

Садыр Жапаров экономика, инвестиция, транспорт, энергетика, билим берүү жана башка багыттар боюнча өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. 
Өз кезегинде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, экономикалык потенциалын чыңдоодогу жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатуудагы олуттуу ийгиликтерине токтолду.

Азербайжандын президенти биргелешкен долбоорлорго, анын ичинде Карабахтын Агдам районунда белек катары курулган “Айкөл Манас” атындагы орто мектепке, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө, маданий алмашууга, ошондой эле Азербайжандын Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымына жогору баа берди.

Мамлекет башчылары жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы боордоштук жана союздаштык алакаларды эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media