Адылбек Касымалиев: Жер эч качан сатылбайт

Адылбек Касымалиев: Жер эч качан сатылбайт

Кыргызстан экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактап калуу үчүн миллиарддаган доллар көлөмүндөгү чет элдик инвестицияларга муктаж. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, коомчулуктун айрым өкүлдөрү чет элдик компаниялардын келишине тынчсыздануу менен карашат. Алар инвесторлор жерге ээлик кылып алышы же жергиликтүү тургундарды сүрүп чыгарышы мүмкүн деп кооптонушат.

Министрлер кабинетинин төрагасы чет элдиктерге жер сатылбай турганын баса белгиледи.
“Жер эч качан сатылбайт. Бирок жер тилкесин болгону эки, үч же беш жылга ижарага берсек, бир дагы ири инвестор келбейт”, –деди ал.

Адылбек Касымалиев заводдорду, логистикалык борборлорду, энергетикалык жана туристтик объектилерди куруу үчүн инвесторлорго узак мөөнөттүү кепилдик керек экенин түшүндүрдү. Ошондуктан жер тилкелери 49 жылга чейин ижарага берилиши мүмкүн.

Анын айтымында, чет элдик компания ишкананы куруп, салган каражатын кайтарып, пайда табууга жетишиши керек. Ал эми Кыргызстан жаңы жумуш орундарын, салык түшүмдөрүн, заманбап технологияларды алып, чийки затты өлкө ичинде кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.



 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media