Кыргыз-корей алакасы: "Менин айылым" долбооруна дагы 670 миң доллар бөлүнөт

Кыргыз-корей алакасы: "Менин айылым" долбооруна дагы 670 миң доллар бөлүнөт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте "Менин айылым" долбоорун колдоону улантуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү.

Аталган кызматтан билдиришкендей, иш-чарага Мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангже, ошондой эле KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лим Со Ён катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Элчибек Жантаев KOICA менен көп жылдык өнөктөштүктүн маанисине токтолуп, уюм Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүү, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик башкарууну чыңдоо багытындагы ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи.

Кол коюлган меморандум 2019–2023-жылдары Чүй, Ош жана Баткен облустарынын 30 айылында ишке ашырылган "Менин айылым" долбоорунун алкагында жетишилген жыйынтыктарды бекемдөөгө жана айылдык жамааттарды мындан ары колдоого багытталган.

Ким Квангже айылдардын туруктуу өнүгүүсү тургундардын катышуусу менен гана мүмкүн экенин белгилеп, меморандум жетишилген натыйжаларды бекемдеп, ийгиликтүү демилгелерди улантууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Өз кезегинде Лим Со Ён долбоордон кийинки колдоо кирешени көбөйтүүгө багытталган демилгелерди өнүктүрүүгө, мурда түзүлгөн объектилерди калыбына келтирүүгө жана туруктуу пайдаланууга, ошондой эле жергиликтүү лидерлердин дараметин жогорулатууга багытталарын айтты.

Долбоордун кийинки баскычынын жалпы бюджети 670 миң долларды түзүп, 2026–2027-жылдары Ош жана Баткен облустарында ишке ашырылат.

Тараптар меморандумга кол коюу кыргыз-корей кызматташтыгын мындан ары чыңдоодо жана өлкөнүн айыл аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда маанилүү кадам болорун белгилешти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media