Кыргызстан климаттык долбоорлор боюнча эл аралык өнөктөштүктү бекемдейт

Кыргызстан климаттык долбоорлор боюнча эл аралык өнөктөштүктү бекемдейт

Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору Азиянын токой кызматташтыгы уюмунун (AFoCO) өкүлдөрү менен жолугушуп, учурдагы долбоорлордун жүрүшүн жана келечектеги биргелешкен демилгелерди талкуулады.

Борбордун маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан агротокой чарбачылыгы аркылуу көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышынын ордун толтуруу боюнча иштин жыйынтыктары каралды.

Долбоор фермерлер арасында агротокой чарбачылыгын өнүктүрүүгө, жерлерди калыбына келтирүүгө, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана жергиликтүү жамааттар үчүн көмүртек каржылоосун тартууга багытталган.

Тараптар ошондой эле AFoCOнун Жашыл климаттык фонд менен кызматташуусун жана тоолуу токойлорду сактоо үчүн эл аралык климаттык каржылоону тартуу маселесин талкуулашты.

Өз кезегинде Климаттык каржылоо борбору Париж келишиминин 6-беренесине ылайык көмүртек рыногун өнүктүрүү жана 2030-жылга чейинки Климаттык инвестициялык программаны ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал эми AFoCO уюму 2025–2034-жылдарга карата климат боюнча иш-аракеттердин алкагында Кыргызстан менен кызматташууну улантууга жана токойлорду калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга