Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кызматтан алды

Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кызматтан алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстандагы Украинанын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенкону кызматынан бошотту.

Маалыматка ылайык, Валерий Жовтенко Украинадагы президент Петр Порошенко башкарып турган маалда, 2018-жылы Кыргызстандын элчиси болуп дайындалган. Буга чейин ал 2011–2015-жылдары Украинанын Литвадагы элчиси кызматын аркалаган.

Ал Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш башталгандан кийин Кыргызстандагы украин тарапташтары, активисттер жана укук коргоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, жалпыга маалымдоо каражаттарына маектерди берип келген.

Ошондой эле Владимир Зеленский Украинанын Франция, Тунис, Ливия, Австрия, Тажикстан, Сингапур жана Брунейдеги элчилерин да кызматтан алуу боюнча чечим кабыл алды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Михаил Мишустин Кыргызстанга келет

Михаил Мишустин Кыргызстанга келет

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жакынкы күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келип, Eurasian Economic Unionнын Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Мишустин бул тууралуу Алтай Республикасынын башчысы Андрей Турчак менен болгон жолугушууда билдирген. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны 6–7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

“Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүү кирди

“Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүү кирди

Президент Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын өркүндөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Өзгөртүүгө ылайык, эми аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан жерине карабастан мамлекеттик турак жай программасына катышууга укук алышты.  Мунун негизинде алар өлкөнүн кайсы аймагында кызмат өтөп жатканына карабастан турак жай

Бишкек мэри: Же иштеш керек, же кызматты бошотуу керек

Бишкек мэри: Же иштеш керек, же кызматты бошотуу керек

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн аппараттык жыйында муниципалдык кызматтардын жана шаардык түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугу талкууланды. Мэриянын маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы тапшырмалардын аткарылышына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, көпчүлүк учурда тапшырмалар белгиленген мөөнөттө аткарылбай, айрым маселелердин чечилиши создугуп жатат. "Мен

Таласта мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна унга бөгөт коюлду

Таласта мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна унга бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден "Чоң-Капка" өткөрмө пункту аркылуу эсепке алынбаган унду мыйзамсыз ташып келүү аракетин аныкташты. Маалыматка ылайык, төрт жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлгөн көлөм менен иш жүзүндө ташылып келген ундун көлөмү дал