Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келди
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан казак өкмөт башчысын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Белгилүү болгондой, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6–7-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары катышат.

