Бишкекте эл аралык эксперттер менен шайлоо боюнча талкуу өтүп жатат

Бишкекте эл аралык эксперттер менен шайлоо боюнча талкуу өтүп жатат

Бишкекте "Шайлоо өткөрүү жаатындагы ЕККУнун эл аралык стандарттары жана милдеттенмелери, шайлоо чөйрөсүндө Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштарын ишке ашыруу" темасында эки күндүк тегерек үстөл өтүп жатат.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чараны Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова ачып, өлкөдөгү шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдык реформалар боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр шайлоонун ачык-айкындуулугун, натыйжалуулугун камсыз кылууга жана аны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

Лейла Лурова шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сунуштарын ишке ашыруу багытында эл аралык эксперттер менен пикир алмашууга шарт түзгөн иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Катышуучулар ЕККУнун (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму) шайлоого байкоо жүргүзүү ыкмасын, шайлоо ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу жолдорун талкуулап жатышат.

ЕККУнун эксперттери Кыргызстанга мурда берилген сунуштардын аткарылышы боюнча талдоолордун жыйынтыктарын сунуштап, шайлоо иштерин өркүндөтүүгө багытталган эл аралык тажрыйбалар менен бөлүшүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат