“Лизун” каймана аты менен белгилүү болгон Элдар Жакыпбековдун жакыны кармалды

“Лизун” каймана аты менен белгилүү болгон Элдар Жакыпбековдун жакыны кармалды

4-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Лизун" каймана аты менен белгилүү болгон С.У.ну камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

4-августта сот мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси – Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары тарабынан берилген өтүнүчтү канааттандырып, “Лизун” каймана аты бар адамды 15-августка чейин №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Шектүү коррупция беренеси менен айыпталууда.

Буга чейин социалдык тармактарда спортчулардын, УКМКнын кызматкерлеринин, ишкерлердин, милиция кызматкерлеринин жана башка адамдардын сүрөттөрү камтылган видео тараган. Видео авторлору аларды УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков менен байланышы бар делген "40 Чоро" тобунун мүчөлөрү катары аташкан. Аталгандардын арасында "Лизун" да болгон.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт

Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги жыйынтыгы - Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын Торугарт өткөрмө пункту аркылуу экспорттоого макулдашуу болду. Бул Чүй облусунун дыйкандары үчүн Кытай рыногуна чыгуунун жаңы

Ишкер Media
Ар бир этап көзөмөлдө: Кыргызстан менен “Росатом” “Кристаллдагы” кооптуу калдыктарды жок кылуу иштеринин коопсуздугун колго алат

Ар бир этап көзөмөлдө: Кыргызстан менен “Росатом” “Кристаллдагы” кооптуу калдыктарды жок кылуу иштеринин коопсуздугун колго алат

КРнын ӨКМи менен “Росатом” биргелишип Таш-Көмүрдөгү мурдагы “Кристалл” жарым өткөргүчтөр заводунда кооптуу калдыктарды жок кылуу долбоорун баштоого даярданып жатат. Иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. КР ӨКМнин Калдыктарды башкаруу департаментинин директорунун орун басары Кылычбек Апиев объекттеги калган тобокелдиктер, колдонулуп жаткан тазалоо технологиялары жана коопсуздук чаралары жөнүндө айтып берди. Кылычбек Касымалыевич,

Ишкер Media
Ысык-Атада мектептин аймагында таштанды өрттөгөнү үчүн 23 миң сом айып салынды

Ысык-Атада мектептин аймагында таштанды өрттөгөнү үчүн 23 миң сом айып салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында таштандыны мыйзамсыз өрттөө фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ишеналы Арабаев атындагы мектептин аймагында ишембилик учурунда топтолгон таштандылар өрттөлгөнүн катташкан. Аталган факты боюнча мектепке 23 миң сом айып пул салынды. Жетекчиликке экологиялык талаптарды сактоо

Ишкер Media
Кыргыз Республикасы БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

Кыргыз Республикасы БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

22-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында КРнын Башкы прокурору Малик Бектурганов КРнын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду. Кол коюу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан БУУнун 2026-жылдагы Келишимдик иш-чарасынын алкагында өттү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык,

Ишкер Media