Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги жыйынтыгы - Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын Торугарт өткөрмө пункту аркылуу экспорттоого макулдашуу болду. Бул Чүй облусунун дыйкандары үчүн Кытай рыногуна чыгуунун жаңы мүмкүнчүлүгү.
Данды Торугарт аркылуу ташуу Эркештамдагы жүктөмдү азайтып, логистиканы кеңейтет. Тараптар Торугарттын иштөө режимин узартууну да талкуулашты.
Ошондой эле жолугушууда Кытайга жылкы, термикалык иштетилген кой-эчки эти жана жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоо боюнча үч протоколго кол коюлду.