Кыргыз Республикасы БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

Кыргыз Республикасы БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

22-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында КРнын Башкы прокурору Малик Бектурганов КРнын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду. Кол коюу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан БУУнун 2026-жылдагы Келишимдик иш-чарасынын алкагында өттү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2024-жылдын 24-декабрында кабыл алынган Конвенция киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы БУУнун биринчи универсалдуу эл аралык-укуктук документи болуп саналат.

Конвенция маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу жана аларды тергөө боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, электрондук далилдерди алуу жана алмашуу механизмдерин өркүндөтүүгө, ошондой эле мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара ыкчам аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган.

Конвенцияга кол коюу КРнын трансулуттук киберкылмыштарга каршы күрөшүү, электрондук далилдерди сактоо жана алуу, ошондой эле жазык иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү жаатында чет мамлекеттер менен кызматташуусун мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media