Ысык-Атада мектептин аймагында таштанды өрттөгөнү үчүн 23 миң сом айып салынды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында таштандыны мыйзамсыз өрттөө фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ишеналы Арабаев атындагы мектептин аймагында ишембилик учурунда топтолгон таштандылар өрттөлгөнүн катташкан.
Аталган факты боюнча мектепке 23 миң сом айып пул салынды. Жетекчиликке экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.