Ар бир этап көзөмөлдө: Кыргызстан менен “Росатом” “Кристаллдагы” кооптуу калдыктарды жок кылуу иштеринин коопсуздугун колго алат

Ар бир этап көзөмөлдө: Кыргызстан менен “Росатом” “Кристаллдагы” кооптуу калдыктарды жок кылуу иштеринин коопсуздугун колго алат

КРнын ӨКМи менен “Росатом” биргелишип Таш-Көмүрдөгү мурдагы “Кристалл” жарым өткөргүчтөр заводунда кооптуу калдыктарды жок кылуу долбоорун баштоого даярданып жатат. Иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. КР ӨКМнин Калдыктарды башкаруу департаментинин директорунун орун басары Кылычбек Апиев объекттеги калган тобокелдиктер, колдонулуп жаткан тазалоо технологиялары жана коопсуздук чаралары жөнүндө айтып берди.

Кылычбек Касымалыевич, Таш-Көмүрдөгү мурдагы “Кристалл” заводунун аймагындагы кооптуу химиялык заттарды жок кылуу долбоору учурда кайсы этапта турат? Жакынкы аралыкта эмне кылуу күтүлүп жатат?

КРнын ӨКМи россиялык адистер менен биргеликте кооптуу химиялык заттарды жок кылуу жана мурдагы “Кристалл” заводунун аймагын коопсуз абалга келтирүү боюнча иштерди баштоого даярданып жатат. Азыркы учурда бул жерде 2026-жылдын ноябрь айында баштала турган дезинфекциялоонун биринчи этабына даярдыктар көрүлүүдө. Иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көрсөтмөлөрүнө жана чечимдерине ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн Россия Федерациясынын адистештирилген уюму – “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын федералдык мамлекеттик унитардык ишканасы - “Федералдык экологиялык оператор” тартылган.

Жергиликтүү калкты маалымдоого өзгөчө көңүл бурулууда. 15-сентябрда Таш-Көмүрдө маалымат жыйыны болуп, анда адистер алдыдагы иштердин негизги этаптарын, технологиялык чечимдерди жана экологиялык көзөмөл чараларын сунушташты. Биз үчүн эл долбоордун акыркы максатын гана эмес, жумуш учурунда коопсуздук кантип камсыздалаарын да түшүнүшү маанилүү. Ошондуктан, коомчулук менен ачык диалог долбоордун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Эл ишенимдүү маалыматты алып, өздөрүн тынчсыздандырган суроолорун адистерге берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Тобокелдиктер жөнүндө айтсак, бүгүнкү күндө эл жана айлана-чөйрө үчүн эң чоң коркунуч эмнеде?  Эмне үчүн бул көйгөйдү шашылыш чечүү керек?

Негизги коркунуч “Кристалл” заводунун аймагында өтө уулуу хлор камтыган заттарды сактоо менен байланышкан. Узакка иштебей калгандыктан, технологиялык сыйымдуулуктар жарактан чыгып, табигый эскирип, бузулуу жана жылчыксыз жабылуулар ачылып калуу тобокелдигин жаратууда. 2024-жылдын октябрь айында “Федералдык экологиялык оператор” тарабынан техникалык аудит  жүргүзүлүп, цехтин имаратынан 49 резервуар табылган. Адистер жалпысынан 155 тоннага чейинки кооптуу химиялык калдыктардын бар экендигин же болушу мүмкүндүгүнүн жогорку ыктымалдуулугун тастыкташкан.

Көбүнчө коркунучту - трихлорсилан жана кремнийдин тетрахлориди сыяктуу химиялык заттар жаратууда.   Эгерде алар агып чыгып, аба же нымдуулук менен катнашса - адамдар үчүн кооптуу кошулмаларды пайда кылышы мүмкүн.

Ошондой эле мекеменин аймагында топтолгон химиялык заттар дагы экологиялык тобокелдикти жаратат. Алардын жерге жана агын сууларга кириши айлана-чөйрөнүн булганышына алып келиши мүмкүн.

КР ӨКМнин Калдыктарды башкаруу департаментинин директорунун орун басары - Кылычбек Апиев

Бул химиялык заттарды жок кылуу үчүн россиялык адистер кандай инженердик чечимдерди колдонушат?

Биринчи этапта адистер технологиялык калдыктардын идишиндеги басымды турукташтырып, тыкыр көзөмөлдүн алдында ачып, чыккан газдарды кармоо жана зыянсыздандыруу системаларын колдонуп нейтралдаштырат.

Андан кийин өнөр жай калдыктары резервуарлардан алынып, щелочтуу гидролизди колдонуу менен жеринде зыянсыздандырылат. Анын жыйынтыгында, баштапкы материалдар турукташып, кооптуулугу аз продуктыга айланат. Бул технология мурда завод иштеп турган учурда “Кристалл” ААКнын технологиялык чынжырчасында колдонулган.

Белгилей кетсем, россиялык адистердин ушул сыяктуу объектилер менен иштөө тажрыйбасы бар. Буга чейин “Росатомдун” мурдагы “Усолье-Химпром” химиялык заводундагы жана Байкал целлюлоза-кагаз фабрикасындагы өнөр жай калдыктарын башкаруу ыкмасы бизге сунушталган. Ушул тажрыйба жана колдонулган технологиялар “Кристалл” долбоорун иштеп чыгууда да эске алынган.

“Кристаллда” иштөө учурунда кандай коопсуздук чаралары көрүлөт жана объекттеги кырдаалды ким көзөмөлдөйт?

Бардык этаптарда айлана-чөйрөнүн абалын ӨКМ, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Росатомдун” адистери көзөмөлдөшөт.

Коопсуздук бир катар технологиялык чечимдер аркылуу камсыздалат. Идиштерди ачаардан мурда коргоочу азоттук «жаздыкча» түзүлөт. Ал идиштердин ичиндеги заттардын кычкылтек жана ным менен байланышына жол бербейт жана кооптуу химиялык реакцияларды алдын алат. Газ аралашмасынын өзү аба кирбеген герметикалык түтүктөр аркылуу чыгарылат. Бул уулуу компоненттердин атмосферага таралышын алдын алат.

Мындан тышкары, долбоор коргоонун эшелондоштурулган принциби боюнча курулган: авариядан коргоонун кош контуры жана көз карандысыз экологиялык көзөмөл каралган.

Долбоор аяктагандан кийин аймактагы экологиялык коопсуздукка көрүлүп жаткан чаралардын таасири кандай болот, алдын ала айта аласызбы?

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу топтолгон өнөр жай мурастары менен байланышкан экологиялык жана өнөр жай тобокелдиктерин жокко чыгарат. Бул мурдагы заводдун аянтын келечекте калкка же айлана-чөйрөгө коркунуч келтирбестен колдонууга мүмкүндүк берип, Таш-Көмүр шаарынын туруктуу өнүгүшү жана аймактын узак мөөнөттүү экологиялык жыргалчылыгы үчүн шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media