Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту

Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 7-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, жолугушууга Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекет катары иш-чараларга катышкан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.

Мамлекет башчысы саламдашуу сөзүндө Кыргызстан ЕАЭБди тең укуктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча катары карай турганын белгиледи.
Садыр Жапаров кийинки Евразия экономикалык форуму 2027-жылы Кыргызстан ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусунун алкагында өтөрүн белгиледи. Президент ошондой эле форумга өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды кеңири тартуу аркылуу анын катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорду активдештирүүнүн, ошондой эле Биримдикке мүчө бардык мамлекеттер үчүн колдоо жана каржылоо механизмдерине тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media