Садыр Жапаров Никол Пашинян менен жолугушту

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 7-августта, Чолпон-Ата шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка таянсак, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашылды.

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент эки тараптуу кызматташтыкты иш жүзүндө өркүндөтүү, өз ара сооданын көлөмүн кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу зарылдыгына токтолду. 
Пашинияндын айтымында, Түштүк Кавказ аймагындагы транспорттук байланыштардын жакшырышы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын мындан ары өсүшүнө жана экономикалык алакалардын чыңдалышына өбөлгө болорун өзгөчө белгиледи. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-армян кызматташтыгын достук жана өз ара урматтоо духунда мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөрүнө ишеним билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат