"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу жетекчилиги менен Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Ухань шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, делегация курамында Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жана "Кыргызфармация" ишканасынын өкүлдөрү бар.

Иш сапар "Кыргызфармациянын" жаңы фармацевтикалык комплексинин капсуласы салынгандан кийинки уландысы болду. Сапардын максаты - заманбап кампа логистикасын автоматташтыруу технологияларын үйрөнүп, Кыргызстанда киргизүү.

Ухань шаарында дары-дармектерди роботтоштурулган сактоо жана ташуу, автоматтык сорттоо, санариптик кампа башкаруу жана сактоо шарттарын көзөмөлдөө системалары каралууда. Бул технологияларды курулуп жаткан мамлекеттик фармацевтикалык комплекске колдонуу пландалууда.

Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында жеке инвестор тартуу маселеси каралууда. Алдын ала Бишкек жана Ош шаарларында аянты 10 миң чарчы метрден болгон эки ири автоматташтырылган логистикалык комплекс куруу каралган.

Долбоор өлкөнүн түндүк жана түштүгүндө заманбап кампалар түзүүгө, GDP стандарттарына ылайык дары-дармектин зарыл запасын сактоого жана аймактарды үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет. Кампалар GDP талаптарына жооп берген өздүк инфраструктурасы жок ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн да жеткиликтүү болот.

Мамлекеттик комплекс жана жеке инвестиция менен курула турган эки объект бирдиктүү логистикалык системаны түзүп, өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media