Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда.

Долбоорду ишке ашырууга КРнын Президентинин фондунан 114 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары:

  • Жакынкы аралыкта Чоң-Алай жана Ноокат эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жаңы имараттарын куруу пландалууда.
  • Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жаңы имаратын курууга Турукташтыруу фондунан 138,4 млн сом багытталган.
  • Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде МинКаб Төрагасынын тапшырмасы боюнча капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул максаттарга 54,8 млн сом каралган.
  • Донордук каражаттардын эсебинен Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган иштерди аткарууга 36 млн сом багытталган.

Министрлик бул долбоорлорду ишке ашыруу социалдык коргоо тутумундагы мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, социалдык кызматтарды алган жарандар үчүн кыйла ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталганын белгилейт.

Эмгек жана социалдык коргоо тутумунун социалдык инфраструктурасынын жаңы объекттерин каржылоо боюнча сунуштар - КРнын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга пландалган мезгилге карата республикалык бюджетинин долбооруна киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media