Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилиянын Кыргызстандагы Элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жолугушууда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу талкууланды.

Айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын жергиликтүү өндүрүшкө киргизүү каралды. Бразилиялык ишкерлер октябрда Астанадагы агрардык көргөзмөгө катышып, Кыргызстанда өндүрүш ачууга кызыкдар экени айтылды.

Билим берүү багытында студенттерди эл аралык долбоорлорго тартуу жана Enactus кыймылы алкагында кызматташуу көтөрүлдү.

Энергетикада Бразилиянын гидроэнергетика тажрыйбасын бөлүшүү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана ирригация боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ош шаарына инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантууга макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media