Кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү макулдашылды

Кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү макулдашылды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытайдын калаадагы Башкы консулу Лю Минчэни кабыл алып, кыргыз-кытай мамилелерин жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык жана туристтик багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жанарбек Акаев кытайлык инвесторлордун Ош шаарына кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошол эле учурда мэр инвесторлор Кыргызстандын мыйзамдарын сактап, коомдук эрежелерди урматтоосу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, Ош шаары Кытайдын Үрүмчү, Сиань, Синин, Шицзячжуан, Ланьчжоу, Фошань, Далянь жана Кашкар шаарлары менен байланыштарды түзгөн.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media