Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө.
Жолугушууда аймактык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун келечеги талкууланат.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу маселелер боюнча пикир алмашат.