Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды.

Вакцина Танзаниядагы Hester Biosciences Africa Limited заводунда өндүрүлгөн. Ал коопсуздук, тазалык жана натыйжалуулук боюнча Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) талаптарына жооп берет.

Алынган вакциналар республика боюнча майда мүйүздүү малды пландуу эмдөө өнөктүгүнүн алкагында колдонулат. Эмдөө учурунда Ветеринардык кызматтын лабораториялары тарабынан поствакциналык мониторинг жүргүзүлөт. Бул вакцинанын натыйжалуулугун баалоого жана иммундук жоопту көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңы - кой-эчкилер арасында кеңири таралуучу жугуштуу вирустук оору. Ага каршы өз убагында эмдөө жүргүзүү малдын саламаттыгын коргоодо жана өлкөдөгү эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media
Картошка өндүрүүчүлөр өкмөттүн чечимине ыраазычылык билдиришти

Картошка өндүрүүчүлөр өкмөттүн чечимине ыраазычылык билдиришти

Кыргызстандын картошка кластеринин өкүлдөрү ата мекендик өндүрүштү коргоо боюнча кабыл алынган чечимди кубаттап, Министрлер Кабинетине жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине ыраазычылык билдиришти. Алардын айтымында, эрте бышуучу картошканын түшүмүн жыйноо башталгандан бери жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоо маселеси мамлекеттик деңгээлде бир нече жолу көтөрүлгөн. «Мына, жыйынтык бар!

Ишкер Media