Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды
17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга кызыкдар өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашты.
Бул колдоо тез медициналык жардам системасын чыңдоого жана медициналык кызматтарды өз убагында көрсөтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.


