Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү.

Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта күч сынашты. Эң узун аралык 42,2 чакырымды түзүп, толук марафон катары уюштурулду.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, катышуучулардын старттык төлөмдөрүнүн бир бөлүгү жыл сайын ак илбирсти сактоо жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча программаларга багытталат. Жарыштын негизги максаты - спорт аркылуу адамдарды бириктирүү менен бирге ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу.

Bishkek Snow Leopard Run жарышы 2019-жылдан бери уюштурулуп келет. 2026-жылы иш-чара жетинчи жолу өткөрүлдү. Марафон эл аралык деңгээлдеги чуркоо иш-чараларынын катарына кирип, Turkic Alliance of Long Runs (TAN) сериясынын курамына кошулган.

Быйылкы жарышты уюштуруучулар "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында өткөрүүнү чечишкен. Буга шаар көчөлөрүн узак убакытка жабууга байланыштуу транспорттук кырдаал жана коопсуздук талаптары себеп болгон.

Bishkek Snow Leopard Run спорттук мелдеш гана эмес, жаратылышты коргоо демилгесин колдогон иш-чара катары да өткөрүлүп келет. Анын алкагында чуркоочулар өздөрүнүн спорттук мүмкүнчүлүктөрүн сынап, экологиялык маселелерге коомчулуктун көңүлүн бурууга салым кошушат.

Мындан тышкары окуңуз

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Картошка өндүрүүчүлөр өкмөттүн чечимине ыраазычылык билдиришти

Картошка өндүрүүчүлөр өкмөттүн чечимине ыраазычылык билдиришти

Кыргызстандын картошка кластеринин өкүлдөрү ата мекендик өндүрүштү коргоо боюнча кабыл алынган чечимди кубаттап, Министрлер Кабинетине жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине ыраазычылык билдиришти. Алардын айтымында, эрте бышуучу картошканын түшүмүн жыйноо башталгандан бери жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоо маселеси мамлекеттик деңгээлде бир нече жолу көтөрүлгөн. «Мына, жыйынтык бар!

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Армения Республикасына болгон расмий сапары аяктады. Мамлекет башчысы 15-октябрда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты. 16-октябрда Садыр Жапаров “Лидерлер жаратылыш үчүн” саммитинин пленардык жыйынынын ачылышында сөз сүйлөп, глобалдык жылуулуктун кесепетинен Борбордук Азияда мөңгүлөрдүн

Ишкер Media
Бишкекте 23–25-октябрда азык-түлүк жарманкеси жана айыл чарба көргөзмөсү өтөт

Бишкекте 23–25-октябрда азык-түлүк жарманкеси жана айыл чарба көргөзмөсү өтөт

23–25-октябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта “АгроТехЭкспо – 2026” айыл чарба көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, үч күндүк жарманкеде шаар тургундары жана коноктору кышка керектүү азык-түлүктөрдү дыйкандардан жана ата

Ишкер Media