Айыптоочулар Ташиев баш болгон саясатчыларга катаал жаза берүүнү суранды

Айыптоочулар Ташиев баш болгон саясатчыларга катаал жаза берүүнү суранды

Башкы прокуратура "75чилер иши” боюнча өкүмгө даттануу менен кайрылып, айыпталуучуларга катаал жаза берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. 

Анын айтымына караганда, айыпталуучулар мурда акталган кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча прокуратура өкүмдүн актоо бөлүгүн жокко чыгарууну жана жаза мыйзамда белгиленген чектерде болушун суранууда.

Андан тышкары, айыптоочу тарап 326-берене боюнча берилген жазаны өтө жеңил деп эсептеп, катаал жаза берүүнү да талап кылууда.

Жактоочу тарап өз кезегинде айыпталуучулардын толук күнөөсүз экенин тастыктап, актоону суранууда.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары электрондук форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жарандар жана уюмдар тиешелүү маалыматтык системалар аркылуу арыздарын аралыктан тапшырып, алардын каралуу процессине көз салып, мамлекеттик органдарга барбастан керектүү документтерди ала алышат. Негизги маалыматтык системалар: • Мамлекеттик экспертиза департаменти – мамлекеттик

Кызыл-Жолдо 375 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу башталды

Кызыл-Жолдо 375 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу башталды

13-августта Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 375 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Мезгил кутучасын салуу аземине Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар

Кыргызстанда картошка, сүт жана жумуртка кымбаттады

Кыргызстанда картошка, сүт жана жумуртка кымбаттады

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөрдүн баасы жогорулап, кээ бир товарлар арзандады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүргүзгөн салыштырма мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болду. Мониторинг Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Россиядагы негизги азык-түлүктөрдүн бааларына жүргүзүлгөн. Кыргызстанда картошканын баасы 2,7%, пастерленген сүт 0,8%, тоок жумурткасы 0,

Айыл өкмөттүн орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Айыл өкмөттүн орун басары коррупцияга шектелип кармалды

УКМК тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Пара талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин