Аял фермерлер үчүн окутуу өттү

Аял фермерлер үчүн окутуу өттү

30-сентябрда Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору жана Кыргызстан Аялдар Конгресси менен биргеликте аймактардан келген аял фермерлер үчүн окутуу уюштурду.Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чаранын максаты - аял фермерлерге мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү багытында заманбап, илимий негизделген технологиялар боюнча практикалык маалымат берүү жана алардын кесиптик билимин жогорулатуу болду.

Окутуунун жүрүшүндө институттун окумуштуулары төмөнкү багыттар боюнча маалымат беришти:

• малдардын генетикасын жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу;

• тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана үрөнчүлүк аянттарын түзүү;

• аралаш тоют рациону (TMR) системасын киргизүү жана жайылтуу;

• биотехнология борборунун ишмердүүлүгү.

Катышуучулар адистерге суроолорун берип, малды туура тоюттандыруу, асыл тукум иштерин жакшыртуу жана заманбап технологияларды фермердик чарбаларда колдонуу боюнча пикир алышты.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай окутуулар илимий жетишкендиктерди өндүрүшкө жайылтууга жана айыл чарбасында заманбап технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media