Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады

Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Объект Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 2500дөн ашык окуучу билим ала алат.

Курулуш 2026-жылдын мартында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган. Старт берүү иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышып, мезгил кутучасын салган.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзгөн, беш блоктон турган төрт кабаттуу имарат курулду. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залдары каралган. Мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Курулуш иштери Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Учурда курулуш толук аяктап, окуу процессин баштоого акыркы даярдыктар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин бул жерде 1964-жылы курулган мектеп иштеп, анда 2000ге жакын окуучу билим алып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media