Кыргызстанда 8 айда бюджетке 92,8 млрд сом көп чогулду

Кыргызстанда 8 айда бюджетке 92,8 млрд сом көп чогулду

Кыргызстанда 2026-жылдын 8 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,8 миллиард сомго көп салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, бул учурда салык ставкалары жогорулатылган эмес жана ишкерлерге басым күчөтүлгөн эмес.

Түшүүлөрдүн өсүшүн айрымдар инфляция же баанын өсүшү менен байланыштырышы мүмкүн, бирок чыныгы себеп башкада.

Негизги факторлор катары салык тутумун санариптештирүү, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана бизнестин өз ыктыяры менен мыйзамдаштырылышы көрсөтүлүүдө. Жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлүп, ачык эрежелер киргизилгендиктен ишкерлер өздөрү таза иштөөнү тандап жатышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды