Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти

Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти

18-октябрда “Бишкек Аренада” өтө турган дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концертине билеттер бүгүн саат 09:00дө сатылышы башталган. Сатуу башталгандан кийин эле баасы 12 миң сом болгон эң арзан билеттер толугу менен сатылып кеткен. Саат 10:50гө карата ticket.gov.kg сайтында 22 миң сомдон 40 миң сомго чейинки билеттер гана жеткиликтүү болгон.

Концерттин расмий билет оператору — GovTicket. Билеттердин баасы төмөнкүдөй белгиленген:

  • фан-зона — 40 миң сом;
  • бий аянтчасы (танцевальный партер) — 27 миң сом;
  • Skybox — бир адамга 30 миң сом;
  • отургуч орундар — 13,5 миң сомдон 40 миң сомго чейин;
  • көрүнүшү чектелген орундар — 12 миң сом.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, сахна стадиондун чыгыш трибунасына орнотулат. Сахнанын артындагы орундар көрүүчүлөр үчүн жабык болот. Ошондой эле чектелген сандагы VIP-билеттер кийинчерээк өзүнчө баа менен сатыкка чыгарылары маалым болду.

Эске салсак, Бишкек шаары ырчынын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролдук туруна кирген. Концертте Шакиранын белгилүү хиттери жана жаңы альбомундагы чыгармалары аткарылып, шоу ири сахналык коюу, хореография жана визуалдык эффекттер менен коштолот. Бул ырчынын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болмокчу.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media