БШК бир катар жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

БШК бир катар жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

14-августта Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта депутаттар өз арыздарынын негизинде мандаттарын тапшырган, ал эми эки депутаттын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулганы белгиленген.

Бүгүнкү жыйында бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдер бекитилди.

Ага ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги бош мандат "Жаңы күч-Новая сила" саясий партиясынан Ренат Солтоновго өткөрүлүп берилди.

Калган аймактардагы бош мандаттарга шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган кийинки талапкерлер ээ болду:
  • Чоң-Кемин айылдык кеңешине — Нурдин Егиналиев;
  • Ак-Суу айылдык кеңешине — Нарынбек Султанкулов;
  • Учкун айылдык кеңешине — Кылычбек Тостоков;
  • Талас шаардык кеңешине — Елена Бортникова;
  • Кыз-Көл айылдык кеңешине — Советбек Аманкулов;
  • Көк-Жар айылдык кеңешине — Абдыганы Жарматов;
  • Төөлөс айылдык кеңешине — Асан Манапов;
  • Дөң-Булак айылдык кеңешине — Оятилла Ибрагимов.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media