Кыргызстан климаттык милдеттенмелердин аткарылышын талдоодо
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Экинчи эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладды (ЭЖААД-2) жана Бешинчи улуттук билдирүүнү (УБ-5) даярдоо боюнча техникалык консультациялар өттү.
Министрликтин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, иш-чараны БУУнун Өнүктүрүү программасы уюштуруп, ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
ЭЖААД-2 жана УБ-5 документтери парник газдарынын чыгындылары жана сиңирилиши, климаттык чаралар, улуттук климаттык саясат, ошондой эле эл аралык колдоо тууралуу маалыматтарды камтыйт.
Кыргызстан 2025-жылы эл аралык макулдашуу жана талаптарга ылайык, эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча биринчи докладын тапшырган. 2026-жылы ЭЖААД-2 жана УБ-5ти бирдиктүү документ форматында даярдоо башталды.
Консультациялардын жыйынтыгында бөлүмдөрдү толуктоо жана ЭЖААД-2/УБ-5тин бириктирилген долбоорун даярдоо боюнча кийинки кадамдар аныкталды.
Климаттык отчеттуулукту даярдоо Кыргызстандын БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы жана Париж макулдашуусу боюнча милдеттенмелерин аткаруунун бир бөлүгү болуп, улуттук климаттык саясаттын ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган.

