Кыргызстанда мунай кендерин чалгындоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Кыргызстанда мунай кендерин чалгындоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун ыргагы ийгиликтүү жүрүп жатканы белгиленди. Жетишкендиктер Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун жана Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин саясий эркинин жана жеке колдоосунун аркасында Кыргызстан –Кытай – Өзбекстан темир жолунун, Барскоон – Бедел – Учтурфан – Аксу автожолунун курулушу, “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышы, Бишкек жана Ош шаарларын Үрүмчү жана Кашкар шаарлары менен байланыштырган түз аба каттамдарынын иштөөсү сыяктуу ири долбоорлор жигердүү ишке ашырылып жатканы айтылды. 

Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон бул жолку жумуш сапарынын негизги максаты –эки өлкөнүн мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларынын ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнү тездетүү экенин белгиледи. 
Мындан тышкары, Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо жана өздөштүрүү, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек ара өткөрүү пункттарында сактоо жана транзиттик-которуп жүктөө инфраструктурасын түзүү маселелерин карап чыгуу пландары сүйлөшүлдү.

Өз кезегинде КЭР СУАР Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, КЭРдин СУАР аймагы аркылуу Кыргызстан менен өзгөчө өз ара соода жүргүзүүнү, ошондой эле кызматташуунун жаңы багыттары боюнча активдүү иш алып барууга кытай тарап кызыкдар экенин кошумчалады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында, нефть рыногундагы эл аралык кырдаалды жана Кыргызстанды мунай продуктылары менен туруктуу камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү процессин жеңилдетүү жана тездетүү макулдашылды.

 

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media