Ош шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Ош шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Ош шаарындагы “Жибек” балдар бакчасынын жетекчиси жумушка орноштуруу үчүн 25 миң сом пара алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 17-августта 1988-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал “Жибек” балдар бакчасына тарбиячы болуп жумушка кирүү үчүн мекеменин жетекчиси Ч.З. андан 25 миң сом талап кылганын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, акча берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып суранганына карабай, жетекчи башка талапкерлер бар экенин жана акча төлөгөндө гана жумушка келе аларын айткан. 
Натыйжада ал алгач 20 миң сомду мобилдик банкинг аркылуу которуп, кийин айлык алгандан соң калган 5 миң сомду жетекчинин иш бөлмөсүндө бергенин билдирген.

Бул факт боюнча “Пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү 17-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, шектүү катары кармалган жаран Ош шаардык кеңешинин депутаты.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик