Президенттик шайлоону дайындоо Жогорку Кеңеште каралат
Жогорку Кеңеш 17-сентябрда Кыргызстандын президентин шайлоону дайындоо боюнча чечим кабыл алышы күтүлүүдө. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымына караганда, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге кат жөнөтүп, шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда кароону сунуштаган.
Мыйзам боюнча президенттин кезектеги шайлоосу добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбей дайындалышы керек. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөрү белгиленгендиктен, парламент тиешелүү чечимди 27-сентябрга чейин кабыл алышы зарыл.
Шайлоо дайындалганы тууралуу чечим расмий жарыялангандан кийинки күндөн тартып президенттикке талапкерлерди көрсөтүү башталат. Бул процесс шайлоого 75 календардык күн калганда аяктайт.