Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү жол-жобосу каралды

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү жол-жобосу каралды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын  башкы директору Ло Ичжоу менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Алгач МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жетектеген кыргыз делегациясынын курамына кирген ондон ашуун Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилерине корпорациянын тарыхы жана ишмердүүлүгү тааныштырылды. 

Анда негизинен Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясына караштуу “Куньлунь Логистик” компаниясы аркылуу Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу продуктуларды жеткирүүнүн жол-жоболору каралды. 

Бул компаниянын ишмердүүлүгүнө эл аралык деңгээлде жана стандарттарга жооп берген мунай кендерине жүктөрдү жеткирүү, ошондой эле чийки мунайды, жаратылыш газын, мунай продуктуларын жана атайын кайра иштетилген продуктуларды, химиялык продуктуларды ташуу жана кампа логистика кирет.  

Ага байланыштуу бул багытта корпорация менен ыкчам жана тыгыз иш алып баруу үчүн, өлкөнүн Энергетика министрлигине жалпы ишти координациялоо, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Бажы кызматына көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен мунай ташыган жүктөрдү токтоосуз өткөрүү, Тышкы иштер министрлигине жеткирүү кызматын аткарган айдоочулардын визаларын тариздөөнү жөнөкөйлөтүү сыяктуу маселелер жеринде каралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. 

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков соода жүгүртүүсүз өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө болбой турганын, ошол себептүү кытай корпорациясы менен кыргыз компаниялары ортосунда дагы жаңы келишимдерди түзүү үчүн ишкерлер делегация курамына кошулганын, Борбор Азиядагы нефть рыногундагы кырдаалга байлануштуу бул тармактагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми, Кыргызстандан барган компаниялар мунай продуктуларын өлкөгө ташып келүү боюнча корпорация менен макулдашып, келишимдерге кол коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media