Прзедиденттик шайлоодо аралыктан добуш берүү тартиби бекитилди

Прзедиденттик шайлоодо аралыктан добуш берүү тартиби бекитилди

19-августта Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында “Президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө” токтомдорду кабыл алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жобо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо тартибин аныктайт.

Жобо менен жумушчу топтун негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары, анын ичинде талапкерлердин шайлоо документтерин жана шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүү, ошондой эле топтун курамын түзүү, ишин уюштуруу, жыйындарды өткөрүү жана текшерүүнүн жыйынтыктарын документтештирүү тартиби белгиленет.

Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын бир катар чечимдеринин күчүн жоготкон токтомдор кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

22-сентябрда Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында Кыргызстандын киберкоопсуздугуна арналган улуттук “CYBERNOMAD FEST 2026” фестивалы өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты жарыялады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын, маанилүү маалыматтык инфраструктуранын субъекттеринин, банктардын жана каржы уюмдарынын, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн