Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-августта өткөн Курултайга биринчи шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Алдын ала эсеп боюнча беш партия жаңы парламентке өттү.

Казакстандын басылмалары жарыялаган маалыматтарга таянсак, эң көп добушту “Адилет” партиясы - 71,17% алды. Андан кийинки орундарда “Ауыл” - 6,26%, Республика - 5,56%, “Ак жол” - 5,21% жана ОСДП - 5,11% добуш менен турат. Шайлоочулардын 2,51%ы “баарына каршы” добуш берген.

Шайлоого катышуу көрсөткүчү чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнү кошкондо - 74,08% түздү. Өлкө боюнча 9,3 млн адамдан ашык шайлоочу добуш берген. Бул көрсөткүч акыркы жылдардагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, “Адилет” партиясы Курултайдагы 110–112 мандатка ээ болушу мүмкүн. “Ауыл” 9–10, Respublica 8–9, ал эми “Ак жол” жана ОСДП 8ден мандат алышы күтүлүүдө.

Курултай — Казакстандын жаңы бир палаталуу парламенти. Анын курамы 145 депутаттан турат.

“Курултай” - деген сөз байыркы түрк элдеринде мамлекеттик маанидеги маанилүү маселелерди чечүү үчүн өткөрүлгөн жалпы элдик жыйынды түшундүрөт. Сөздүн түпкү мааниси “чогулуу”, “жыйын” же “кеңеш” түшүнүктөрү менен байланыштуу. Казакстанда бул байыркы түрк сөзү эми - жаңы бир палаталуу парламенттин аталышы катары колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media