Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү
Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.
Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт.
Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын жүргүзүү, инвентаризациялоо, бак кыюуга уруксат берүү, ошондой эле токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюудан жана зыянкечтерден коргоо иштерин координациялайт.