Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында, 31-августта, транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, ошондой эле жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту. 

Мындан тышкары, төмөнкү документтерди алмашуу аземи болуп өттү:

- Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөр мө пункту аркылуу чек ара аймагынан өтүүчү Үзөңгү-Кууш суусу аркылуу чек аралык автоунаа көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу;

- Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуу;

- Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда “Кытай – Борбордук Азия – Европа” багытындагы темир жол экспресс ташуулары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда электрондук соода жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- “Бедел” өткөрмө пунктун куруу жана аны техникалык жактан жабдуу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө каттарды алмашуу;

- Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда илим, технологиялар, инновациялар жана технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Ысык-Көл облусу менен Кытай Эл Республикасынын Сицзан автономиялуу районунун ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;

- Ош облусу менен Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;

- Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытайдын Медиа корпорациясынын (China Media Group) ортосунда медиаконтент жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө меморандум.

- “Кыргыз Республикасына медициналык жабдууларды жеткирүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө каттарды алмашуу;

- Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө биргелешкен билдирүү;

- Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Сертификациялоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук башкармалыгынын) ортосунда шайкештикти баалоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Кытайдын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик администрациясы, SAMR/SAC) ортосунда стандартташтыруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026-2028-жылдарга карата иш-аракеттер планы;

- Кыргызстандын Кытай Эл Республикасына жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоодо карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

- Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетүүдөн өткөн кой жана эчки этинен жасалган продукцияга коюлуучу талаптар жөнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

- Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

- Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин ортосунда айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча 2027-2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы;

- Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук комиссия менен Кытай Эл Республикасынын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда этностук маселелер жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда 2026-2029-жылдарга маданият жаатындагы кызматташтык программасы;

- Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда 2026-жылга адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык программасын биргелешип ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун колдоо жөнүндө протокол;

- Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Радиоберүү жана телеберүү иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда радиоберүү, телеберүү жана онлайн-аудиовизуалдык каражаттар жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Кытайдын Медиа корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- Бишкек мамлекеттик университети менен Пекин чет тилдер университетинин биргелешкен институту жөнүндө макулдашуу;

- Трансчек аралык банктар аралык төлөм системасынын катышуучуларын тейлөө жөнүндө макулдашуу.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик