Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Өзбекстандын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту

Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Того Республикасын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, мамлекет башчысы Тогонун министрлер кеңешинин төрагасынын апрель айында Бишкекке

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен келди.  “Манас” эл аралык аэропортунан Пакистандын премьер-министрин Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга

Садыр Жапаров Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолукту

Садыр Жапаров Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары бул жолугушуу кыргыз-лаос мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Садыр

Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолукту

Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Садыр Жапаров Во Тхи Ань Суандын сапары кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү экенин