Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан Пакистандын премьер-министрин Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Мындан тышкары эки тараптуу жолугушуулар болуп, документтерге кол коюлат.
Пакистандын премьер-министрине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.