Садыр Жапаров менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жолукту

Садыр Жапаров менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, “ШКУ+” жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун башында мамлекет башчысы Антониу Гутерришке Кыргызстанга келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы Уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи.

Тараптар БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн келечегин, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле тоолуу аймактарга жана климатка байланыштуу демилгелерди дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып баруусуна бурулду.

Мамлекет башчысы Коопсуздук Кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи.

Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды. Саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.

Президент Садыр Жапаров БУУга Саммитти биргелешип уюштурууну сунуштады.

Уюмдун иш-чарага катышуусу анын эл аралык камтуусун кеңейтип, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулоого көптөгөн мамлекеттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүн тартууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана практикалык кызматташтыкты мындан ары да бекемделмекчи.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media