Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту

Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Того Республикасын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, мамлекет башчысы Тогонун министрлер кеңешинин төрагасынын апрель айында Бишкекке жасаган расмий сапары саясий диалогду өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого зор түрткү бергенин айтты.

Кыргызстан Того Республикасын Африка континентиндеги келечектүү өнөктөш катары карай турганы белгиленди.

Жолугушууда эл аралык аренадагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров Тогонун жетекчилигине жана элине Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын колдогону үчүн терең ыраазычылык билдирип, муну өлкөлөр ортосундагы жогорку ишенимдин жана бекем достук мамилелердин айкын далили катары баалады.
Өз кезегинде Того министрлер кеңешинин төрагасы чакыруу жана жылуу кабыл алуу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал Того Республикасы Кыргызстан менен байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берерине жана соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду.
Фор Эссозимна Гнассингбе БУУда жана башка эл аралык аянтчаларда тыгыз координацияны улантуу багыты өзгөрбөй турганын ырастады. Ошондой эле Того Кыргыз Республикасынын аймактык жана глобалдык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган конструктивдүү демилгелерин жогору баалай турганын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда кыргыз тарап дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, анын ичинде Африка континентинде туруктуу өнүгүүгө жана стабилдүүлүккө көмөктөшүүгө жигердүү салым кошууга даяр экенин ырастады.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media