Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолукту

Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Садыр Жапаров Во Тхи Ань Суандын сапары кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстан соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, туристтик, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Во Тхи Ань Суан Кыргызстан Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын айтты. Ал эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, негизги багыттар боюнча биргелешкен ишти активдештирүүгө чакырды.

Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштардын жана туризмдин элдер ортосундагы достукту бекемдөөдөгү маанисине токтолуп, конструктивдүү диалогду мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров кыргыз-вьетнам инвестициялык кызматташтыгынын ийгиликтүү мисалдарын атап өттү. Тактап айтканда, “Рокс Груп” вьетнамдык компаниясы Кыргызстанда энергетика жана шаардык инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда.

Инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Рокс Груп” компаниясынын жетекчиси Чань Ань Туан “Достук” ордени менен сыйланды.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын