Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Эмомали Рахмон ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Тажикстандын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолукту

Садыр Жапаров Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары бул жолугушуу кыргыз-лаос мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Садыр

Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолукту

Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Садыр Жапаров Во Тхи Ань Суандын сапары кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү экенин

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.  “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Илхам Алиев "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Азербайжандын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр

Садыр Жапаров менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жолукту

Садыр Жапаров менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, “ШКУ+” жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, жолугушуунун башында мамлекет башчысы Антониу Гутерришке Кыргызстанга келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын