Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары менен жолукту

Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары менен жолукту

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациядан билдиришти.

Адылбек Касымалиев анын сапары кыргыз-египет мамилерин чыңдоо үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин жана соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошорун баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Египеттин Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш катары катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев Кыргызстан ШКУнун алкагында Египет менен өз ара аракеттенүүгө чоң маани берерин белгиледи. Бул уюмдун эл аралык деңгээлин кеңейтүүгө жана Борбор Азия, араб дүйнөсү менен Африканын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

“Биздин эң маанилүү милдетибиз – мамлекет башчыларыбыздын берген кызматташтыктын темпин сактоо, өкмөттөр аралык байланыштарды активдештирүүгө жана биргелешкен практикалык кадамдарга басым жасоо”, - деп билдирди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга биринчи сапары менен келгени чоң сыймык экенин белгиледи.

Ал Кыргызстандын жетекчилигин жана элинин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү, Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы менен куттуктады. Египеттин Премьер-министринин орун басары Египет тарап саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экенин тастыктады.

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media