Ала-Арчадагы 4050 метр бийиктик “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” аталмай болду
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешин Кыргызстанда өткөрүүгө байланыштуу, кабыл алынды.
Үч айлык мөөнөттө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.