Бишкекте “ШКУ плюс” жыйыны өтүүдө
Бишкекте “ШКУ плюс” форматындагы жыйын өтүүдө. Бул тууралуу президенттик админстрациядан билдиришти.
Жыйынга Эл аралык уюмдардан Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да катышууда.
Белгилей кетсек, “ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген курамдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.