Кийинки көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөт
Президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземинде Орусия 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстанга Орусиядан бул эл аралык иш-чараны Татарстанда өткөрүүгө даяр экендиги тууралуу расмий кат келген.
“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Орусия Федерациясынан 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экендиги тууралуу расмий кат келгенин билдиргим келет. Бул үчүн Орусиянын жетекчиси Владимир Путинге ыраазычылык билдирем. Кыргызстан бул эл аралык иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүдө орус тарапка ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр жана көрсөтөт”, – деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өткөрүлөт.