Садыр Жапаров: Кыргызстан БУУнун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоону колдойт

Садыр Жапаров: Кыргызстан БУУнун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоону колдойт

“ШКУ плюс” жыйынында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан көп полярдуулукту глобалдык маселелерди чечүүгө катышкан мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү, өнүгүүнүн ар түрдүү жолдорун, маданияттарды жана салттарды урматтоого негизделген процесс катары карай турганын баса белгиледи.

“Биз үчүн адилеттүүлүктүн башкы критерийи – ар бир мамлекеттин үнүн эске алуу жана эл аралык ченемдердин бардыгы үчүн бирдей жана кынтыксыз колдонулушу. Дал ошондуктан Кыргызстан калыптанып жаткан көп полярдуу дүйнөнүн өзөгүндө Бириккен Улуттар Уюму кала бериши керектигине бекем ишенет”, - деп баса белгиледи президент.

Ал БУУнун ишинде орун алган кемчиликтер анын ролун алсыратууга же Уюмду айланып өтүүгө себеп болбошу керектигин айтты. Тескерисинче, бул БУУну биргелешип чыңдоо, натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап реалдуулукка ылайык анын механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгын күбөлөндүрөт.

“Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоону колдойт. Мындай реформа кеңири макулдашуунун негизинде жүргүзүлүшү керек”, – деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле алдыдагы Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн өзгөчө маанисине токтолду. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасы өз тарыхында биринчи жолу 2027-2028-жылдарга Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды.

"Бул органдагы алдыдагы мүчөлүгүбүз БУУнун борбордук координациялоочу ролун бекемдөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Кыргызстан Коопсуздук Кеңеши менен аймактык уюмдардын ортосундагы тыгыз диалогго көмөктөшүүгө, ошондой эле Борбордук Азияда татаал мамлекеттер аралык маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча топтолгон тажрыйбаны сунуштоого даяр”, – деп белгиледи мамлекет башчысы.

Шанхай кызматташтык уюмунун ролуна токтолгон Садыр Жапаров 25 жыл ичинде ШКУ саясий, экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн абройлуу аянтчасына айланганын айтты.

“Күчтүү аймактык уюмдар эл аралык мамилелердин универсалдуу системасын бекемдеп, аны кыйла туруктуу кылат, жалпы принциптерди элдерибиздин реалдуу муктаждыктарына жакындатат”, – деп баса белгиледи президент.

Ушуга байланыштуу мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттер жана “ШКУ плюс” форматы эл аралык тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө кошкон салымын күчөтө ала турган үч багытты атады: превентивдүү дипломатияны өнүктүрүү, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө БУУ менен практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле адилеттүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу.

“Биз саясий пикир келишпестиктер кризиске, ал эми кризис куралдуу тирешүүгө айланганга чейин аракет кылууну үйрөнүшүбүз керек. Бул үчүн тараптардын позициялары олуттуу айырмаланган учурларда да байланыш каналдарын сактоо зарыл”, – деди Садыр Жапаров.

Президент коопсуздук маселелери социалдык-экономикалык өнүгүү менен өз ара байланышта каралышы керектигин өзгөчө белгиледи.

“Миллиондогон адамдар үчүн адилеттүүлүк билим алууга, медициналык жардамга, заманбап технологияларга жана татыктуу жумушка жеткиликтүүлүктөн башталат. Ошондуктан ШКУнун экономикалык, транспорттук, энергетикалык жана санариптик долбоорлору БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары менен тыгыз байланышта болушу кажет”, – деди ал.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров адилет дүйнөлүк тартипти калыптандыруу бир түрдүүлүктү эмес, мамлекеттердин эгемен тандоосун урматтоону, эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жана диалогду сактоону талап кыларына токтолду.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media